Барселонада президенттик шайлоонун күнү белгилүү болду

Барселонада президенттик шайлоонун күнү белгилүү болду

Барселонада президенттик шайлоо 2021-жылдын 24-январында өтөт. Бул тууралуу каталониялык клубдун расмий сайты маалымдады.

2020-жылдын 23-декабрынан 2021-жылдын 11-январына чейин Барселонадагы президенттикке талапкерлер өзүлөрүнүн талапкерлигин колдоп кол чогултушат. Активдүү шайлоо өнөктүгү 15-22-январь аралыгында өтөт.

Шайлоо Каталонияда гана эмес, Мадрид, Севилья, Валенсия жана Пальма-де-Мальорка шаарларында дагы өткөрүлөрү кабарланды.

Добуш бере турган жана клубдун мүчөсү деп эсептелген Барселонанын күйөрмандары гана добуш бере алышат.

Эске салсак, «Барселона» 9 беттеште 14 упай топтоп, Испания чемпионатынын турнирдик таблицасында 7-орунду ээлейт. Ла Лиганын лидери 11 оюнда 24 упай менен Реал Сосьедад.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>