Башкы прокуратура парламент депутаты Ирана Карамушкинага кылмышка шектүү катары маалымдама жиберди. Бул тууралуу башкы көзөмөл органы тараткан билдирүүдө айтылат.
Маалыматка караганда, депутат 7-вагуст күнү Кой-Таштагы Атамбаевдин үйүндөгү башаламандыкта “Алфанын” жоокерлерин барымтага алууга шектелүүдө. Тагыраагы ага, Жазык кодексинин “Барымтага алуу” жана “Кылмышка катышуу” беренелери боюнча айып тагылмакчы.