Башкыртстанда тоңгон сууга чөгүп бараткан жылкыларды фермерлерлер куткарып калышты — видео
19.02.2020 13:50
Орусиянын Башкыртстан республикасында тоңгон муз жарылып, сууга чөгө баштаган жылкыларды фермерлер куткарып калышты. Окуянын видеосу “Ютубдагы” “МОЯ УФА” каналына жүктөлдү.
Видеодон тоңгон сууга түшүп кеткен 7 жылкы чыга албай чөгө баштагынан көрүүгө болот. Бирок фермерлер ыкчамдык менен жылкылардын мойнуна сыйыртмак ыргытып, трактордун жардамы менен жылкыларды куткарып калышкан.
Окуянын видеосу социалды тармактарга жарыяланган соң, интернет колдонуучулары куткаруучуларды бир ооздон алкаган.
REPORTER.KG маалымат агенттиги. Бардык укуктар корголгон. Сайтта келтирилген материалдарды көчүрүп алуу басмакананын уруксаты менен жана булакка активдүү гипершилтемени милдеттүү түрдө көрсөтүү менен гана мүмкүн болот.