Бүгүн, 13-апрель саат 15:00гө карата 708 адам туруктуу жашаган ордуларына жеткирилди. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Маалыматка караганда, өз алдынча туугандарыныкына жайгашкан 17799 жаран өз алдынча үйлөрүнө келишти.
Жарандарды ташуу үчүн ӨКМдин сексенге жакын куткаруучусу, 3500 литр күйүүчү май, 200 комплект төшөк (матрац, шейшеп, журкан ж.б.) жана райондук Жарандык коргонуунун автотранспорт кызматынан кыркка жакын спринтер, жеңил унаалар тартылды.