11-октябрь күнү Баткен облусунун Лейлек районунун Искра айылындагы чайкана өрттөңдү.
Жергиликтүү өрт өчүрүүчүлөр кечки ондордо чектөөгө алышып, саат 00:24дө толук өчүрүштү.
Өрттүн жалпы аянты 324 чарчы метрди түздү. Себеби такталууда. Жабыркагандар жок. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдашты.