•  +(996) 557 67 66 40
  •  press@reporter.kg
ЖАҢЫЛЫКТАРОКУЯЛАР

Баткен: Чек арада жаңжал чыгып, тажик тарап миномёттон ок чыгарды — видео

Баткен облусунун Чек аймагындагы кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыгып, бир нече жолу ок атылды. Бул тууралуу бүгүн, 8-майда Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, коңшулаш жашаган эки өлкөнүн жарандары 50 сотых жер тилкеси үчүн жаңжалдаша кеткен.

“Айтылган жер тилкеси такталбаган аймакка кирип, бирок кыргыз тарап колдонуп келет. Жаңжалды басуу үчүн эки өлкөнүн чек арачылары асманга бир нече жолу ок чыгарышкан. Кыргызстандын бир жараны башынан жаракат алды. Чыр-чатак учурунда мергенчилик куралдан ок атуулар болгон. Жаңжалдын күчөт кетпөөсүн алдын-алуу максатында Кыргызстандын жана Тажикстандын чек ара кезметтери эскертүү иретинде асманга ок атышкан. Абал турукташып, чек аранын аймагындагы жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканда Тажикстандын чек арачылары миномёт менен Кыргызстандын аймагын карай ок атышкан”, – деп жазылат маалыматта.

Учурда кыргыз-тажик чек арасындагы абал оор деп бааланууда. Кошумча маалымат берилет.

Сунушталган жаңылыктар
ДҮЙНӨДӨНЖАҢЫЛЫКТАР

Индия-Кытай чек арасы: Эки өлкөнүн жаңжалынан 20 индиялык жоокер каза болду

ЖАҢЫЛЫКТАРСАЯСАТ

Боронов өкмөт башчы болсо, чек ара маселеси боюнча кандай иштер жүргүзүлөрүн айтты

ЖАҢЫЛЫКТАРКООМ

Еврокомиссия ЕБ өлкөлөрү 1-июлдан тарта чек араларын ачуусу керектигин сунуштады

ЖАҢЫЛЫКТАРКООМ

Баткен ОИИБ: ооруканада каза болгон адам чек ара жаңжалында жаракат алган эмес

Комментарий кош

Сиздин э-почта сайтта көрсөтүлбөйт. Зарыл түрдө толтуруу керек болгондор *