Site icon Reporter.kg

Баткен: Туура эмес жерге тамеки тарткан 2 жаран жазага тартылды

Баткен облусунун Үч-Коргон айылынын эки тургуну тамеки чеккени үчүн жазага тартылды. Бул туурасында Ички иштер минисрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Садыр Жапаровдун кыргыз элинин каада-салттарын карманууда ысырапкерчиликке жол бербөө багытында чыккан Жарлыгын жеткирүү максатында Баткен облусунун милиция кызматкерлери эл менен жолугушууларды өткөрүшүүдө. Ошол маалда  Уч-Коргон айыл аймагындагы тургундарга дагы жогорудагы түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 83-беренесинин (белгиленбеген жерлерде тамеки заттарын тартуу) негизинде 2 атуулга протоколдор толтурулуп, чаралар көрүлдү.

Exit mobile version