Ичүүчү суунун тарифтерин тейлөө чыгымдарына ылайык жөнгө салуу сунушталдыБазар-Коргон районунда баасы 850 млн сомдон ашкан эки каналдын курулушу башталдыМөөнөтү өтүп кеткен 10 тонна кондитердик азыктар аныкталып, өрттөлдү8-мартта тынчтык акциясын өткөрүүгө уруксат сурап, президентке кайрылуу жасалдыОш шаарында үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө белек берилдиЖакында эле эркиндикке чыккан Даниэль Ажиев кайрадан кармалды
Баткен: Туура эмес жерге тамеки тарткан 2 жаран жазага тартылды
04.03.2022 | 16:35
Баткен облусунун Үч-Коргон айылынын эки тургуну тамеки чеккени үчүн жазага тартылды. Бул туурасында Ички иштер минисрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Садыр Жапаровдун кыргыз элинин каада-салттарын карманууда ысырапкерчиликке жол бербөө багытында чыккан Жарлыгын жеткирүү максатында Баткен облусунун милиция кызматкерлери эл менен жолугушууларды өткөрүшүүдө. Ошол маалда Уч-Коргон айыл аймагындагы тургундарга дагы жогорудагы түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 83-беренесинин (белгиленбеген жерлерде тамеки заттарын тартуу) негизинде 2 атуулга протоколдор толтурулуп, чаралар көрүлдү.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар