Баткенде 143 гектар жерге тамчылатып сугаруу системасы орнотулууда

27.01.2026 | 15:56

Баткен районунун Жаңы-Жер айылындагы 143 гектар жер тамчылатып сугаруу системасын орнотулууда. Курулуш иштери январь айында башталган. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Тамчылатып сугаруу системасы суунун жоготууларын азайтып, натыйжалуу колдонууга мүмкүндүк берет, ошондой эле топурактын туздануусун алдын алууга шарт түзөт.

Өкмөт акыркы жылдары өлкө аймактарында тамчылатып сугаруу системасын жайылтууну жолго коюуда. Буга чейин Кадамжайда 200 гектар жерге тамчылатып сугаруу системасы орнотулган.

Айыл чарба министрлиги 2026-жылга 5 миң 270 гектар айыл чарба жерине тамчылатып жана жаадырып сугаруу системаларын орнотуларын билдирген. Каржылоо республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт.

Тамчылатып сугаруу ыкмасы сууну үнөмдүү колдонууга да мүмкүндүк берет. Министрлик 2026-жылдын сугат мезгилинде суунун жетишсиздиги болушу мүмкүн экендигин эскертип, дыйкандарга кайрылган. Мекеменин маалыматында, суунун жетишсиздиги климаттын өзгөрүшү жана жаан-чачындын көлөмүнүн азайышы менен байланыштуу. Мындан улам сугат суунун көлөмү чектелүү болот, ал эми бир катар аймактарда суунун кескин жетишсиздиги жаралышы мүмкүн.

Scroll to Top