Баткен облусунун Кадамжай районунда 2 тонна жапайы өскөн кара куурай жок кылынды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Район аймагында “МАК-2019” операциясынын биринчи этабы өткөрүлүп, милиция кызматкерлери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана,ыктыярдуу элдик кошун менен биргеликте жапайы өскөн кара куурайлар орулуп, өрттөлдү.
Баңгизаттардын мыйзамсыз жайылтылышына жана баңгиликке каршы «Мак-2019” операциясынын экинчи этабы августь айында башталат.