Баткенде алимент төлөөдөн качкан жаран 2 жылга эркинен ажыратылды

06.04.2026 | 17:51

Баткен райондук соту алимент төлөө милдетинен качкан жаранга карата өкүм чыгарды. Бул тууралуу Сот аткаруучулар кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, сот аткаруучулар бөлүмүнүн өндүрүшүндө Д.С.К. аттуу жарандан анын кирешесинин 1/2 бөлүгү өлчөмүндө алимент өндүрүү иши каралган. Териштирүүнүн жүрүшүндө карызкордун 2022-жылдын 8-декабрынан 2026-жылдын 1-январына чейинки алименттик карызы 425 миң 801 сомду түзгөнү аныкталган.

Карызкор алимент төлөөдөн баш тарткандыгына байланыштуу топтолгон материалдар сотко жөнөтүлгөн. 3-апрелде Баткен райондук сотунун чечими менен Д.С.К. күнөөлүү деп табылып, 2 жылга эркиндигинен ажыратылган. Ал сот залынан камакка алынган.

Scroll to Top