Баткенде аткезчилик менен ташылган күрүч жана тамеки кармалды

Баткенде аткезчилик менен ташылган күрүч жана тамеки кармалды

Баткенде аткезчилик жолу менен ташылып келген күрүч жана тамеки кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматына кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Кадамжай районуна караштуу Пулгөн айылында “Mersedes-Benz 315” үлгүсүндөгү унаа текшерүүгө алынган. Унаанын жүк бөлүгүндө өлкө аймагына мыйзамсыз ташылып келе жаткан 53 кап жалпы салмагы 1 тонна 365 килограмм болгон “Uzrise Made in Uzbekistan” үлгүсүндөгү лазер күрүчү жана 7 миң таңгак (140 миң даана) “Mong gold, Mond black super slims” үлгүсүндөгү акциздик маркасы жок тамеки продукциясы табылган.

Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тийиштүү органдарга өткөрүлүп берилген.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>