Айга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөтАйтматов проспектисинде кире бериш жолдор ачылып, жаңы жолдор курулатБишкекте көп функционалдуу жаңы спорт комплекс ачылды
Баткенде эркек киши мурдагы жубайынын үйүнөн уурулук кылууга шектелип кармалды
18.03.2026 | 09:41

Раззаков шаарынын 27 жаштагы тургуну ажырашып кеткен аялынын үйүнөн алтын жана акча уурдоого шектелип кармалды.
Баткен облустук милициясынын маалыматына ылайык, 2026-жылдын январь айында аталган жаран Б.А. Сүлүктү шаарында жашаган мурдагы жубайынын үйүнө баласын көрүү максатында барган. Ошол учурда ал үйдөн алтын буюмду жана накталай акчаны уурдап кеткен. Жабырлануучуга келтирилген материалдык зыян 160 миң сомду түздү.
Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) боюнча катталып, тергөө иштери башталган. Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө амалдары улантылууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар