Баткенде контрабандалык жүктү кармоодо УКМКнын эки кызматкери жаракат алды

Баткенде контрабандалык жүктү кармоодо УКМКнын эки кызматкери жаракат алды

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө Кыргызстандын жарандары атайын кызматтын кызматкерлерине куралдуу каршылык көрсөтүшкөн. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 11-мартта сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында, Баткен районунун Самаркандек айылындагы кампага негизиндеги тинтүү жүргүзүү учурунда, кампанын ээси Маширап Абдусаламов жетектеген жыйырмага жакын адамдан турган жарандар контрабандалык жүктү кармоого жол бербөө үчүн УКМК мыйзамдуу иш аракеттерине каршы ок атуучу куралды колдонуп, физикалык каршылык көрсөтүшкөн.

Мындан улам, аткезчилер тобу менен УКМК кызматкерлеринин ортосунда массалык кагылышуу болгон. Ал учурда мамлекеттик каттоо номерлери жок, оор жүк ташуучу алты унаанын экөө чек арадан чыгып кетүүгө үлгүрүшкөн.

Ал эми кагылышуунун жыйынтыгында УКМКнын эки кызматкери денесине жеңил жаракат алган. Учурда окуянын катышуучулары кармалып, бул иш боюнча облустук милиция менен ыкчам-тергөө тобу биргеликте иштеп жатканы айтылат.

“Бул факт боюнча УКМК кылмыштын бардык жагдайларын жана катышуучуларын аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чараларын улантууда”, — деп кабарланат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>