Баткенде тоодон түшө албай калган 61 жаштагы жаран куткарылды

Баткенде тоодон түшө албай калган 61 жаштагы жаран куткарылды

ӨКМнын куткаруучулары Баткен облусунун Кадамжай районунда жайлоодон түшө албай калган 61 жаштагы эркек адамды куткарышты. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, кечээ, 16-апрелде Куткаруу кызматына жаран Сары-Талаа жайлоосундагы тоодон өз алдынча түшө албай калып, жардамга муктаж болуп жатканы тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Ал жерге ӨКМнын 5 куткаруучусу барып, аталган жаранды тоодон аман эсен түшүрүшкөн.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>