Баткенде жаңы аскердик шаарча ачылып, чек арачыларга батирлердин ачкычтары тапшырылды

Баткенде жаңы аскердик шаарча ачылып, чек арачыларга батирлердин ачкычтары тапшырылды

Бүгүн, 23-июнда Баткен облусунун Төрт-Күл айылында УКМКнын Чек ара кызматына караштуу №2053 аскердик бөлүгүнүн жаңы шаарчасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Чек ара кызматы кабарлады.

Ачылыш аземге УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев катышып, аскер кызматкерлерине кызматтык батирлердин ачкычтарын тапшырды.

«Бөрү» атайын багыттагы отряды үчүн курулган жаңы аскердик шаарчада казарма, штаб, медициналык бөлүк, автоунаа токтотуучу жайлар, май куюучу пункттар, спорт аянтчалары, эс алуу зоналары, суу, электр жана канализация системалары бар.

Камчыбек Ташиев аземде сүйлөгөн сөзүндө чек арачылардын өлкө коопсуздугун камсыздоодогу маанилүү ролуна токтолуп, алардын турмуш-тиричилигин жакшыртуу мамлекет башчысынын көзөмөлүндө экенин баса белгилеген.

Мындан тышкары сапардын алкагында Ташиев Баткен чек ара отрядына барган. Ал жерде 60 батирлүү жаңы үй курулушу бүтүп, чек арачыларга ачкычтар тапшырылды. Үйдүн жанына балдар аянтчасы курулган. Ошондой эле, аскерлер үчүн жаңы мончо комплекс, ачык абада машыгуу жана эс алууга ылайыкталган жайлар курулган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>