Өкмөт Баткен облусуна өзгөчө статус берүү тууралуу Мыйзам долбоорун жарыялады.
Аталган Мыйзам долбоору Кыргызстандын президентинин тапшырмасы боюнча, Баткен облусун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү үчүн натыйжалуу шарттарды түзүү зарылдыгынан улам иштелип чыккан.
Буга чейин 2-апрелде аталган Мыйзам долбоору өкмөттүн расмий сайтына коомдук талкуу үчүн жайгаштырылган.
Мыйзам долбоору толукталып иштелип чыгып, Жогорку Кеңештин кароосуна кезексиз киргизилген.
Долбоордо төмөнкүлөр каралган:
- Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн ыйгарым укуктарын күчтөндүрүү жана төмөнкүлөрдүн ыйгарылышы:
- Өзгөчө функционалдык-административдик, уюштуруу-бөлүштүрүү ыйгарым укугу жана өзгөчө статус;
- Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аймактык түзүмдөрүнүн ишин жана укук коргоо органдары жана күч түзүмдөрү менен өз-ара аракеттешүүнү координациялоо боюнча ыйгарым укуктар.
2. Төмөнкүлөрдү эске алуу менен аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү:
- Өнүктүрүү программасын мониторингдөө, баалоо жана контроль жүргүзүүчү Координациялык кеңешти түзүү;
- Жеңилдетилген каржылоо механизми;
- Облусту өнүктүрүүнүн бюджетин уюштуруунун өзгөчө тартиби;
- Өкмөтү тарабынан мамлекеттик кепилдиктерди караган өзгөчө салык режимин жана өзгөчө инвестициялык режимин киргизүү;
- Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алууну ишке ашыруунун өзгөчө режими;
- Баткен облусунун калкына мамлекеттик жана муниципалдык тейлөө көрсөтүү боюнча өзгөчө жеңилдетилген режим;
- 2022-жылдан тарта жалпы билим берүү уюмдарынын жана маданият обьектилеринин имараттарын кармап турууга коммуналдык тейлөө жана чыгымдарды жергиликтүү бюджеттен республикалык бюджетке өткөрүп берүү.