Батукаевдин бошотулушу боюнча соттук отурум жылдырылды

Батукаевдин бошотулушу боюнча соттук отурум жылдырылды

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан бошотулушу боюнча өтө турган соттук отурум 19-декабрга жылдырылды. Буга соттолуучу Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжановдун ден соолугуна байланыштуу отурумга келбегени себеп болду.

Мындан сырткары мурдагы президенттин жактоочусу Замир Жоошев да  Алмазбек Атамбаев да өзүн начар сезип жатканын билдирди.

Замир Жоошев буга чейин маалымат каражаттарына Атамбаевдин сотко келерин айткан.

УКМКнын Тергөө абагында жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу жана бир катар оор кылмыштарга айыпталууда.

Ал 8-августта Ички иштер министрлигинин (ИИМ) атайын операциясынан соң кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>