Базар-Коргон районунда баасы 850 млн сомдон ашкан эки каналдын курулушу башталды

06.03.2026 | 17:11

Базар-Коргон районунда «Кара-Үңкүр-Сай» ирригациялык тутумун масштабдуу заманбапташтыруу иштери башталды. Долбоордун алкагында «Жаңы-Жогорку-Акман» жана «Сол жээк» (Левая-Ветка) деп аталган эки жаңы сугат каналынын курулушуна старт берилди. Капсула салуу салтанаттуу аземине Кыргызстандын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков катышты.

Долбоор Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен ирригацияны өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасынын алкагында ишке ашырылууда. Жаңы суу артерияларынын жалпы узундугу 39,01 чакырымды түзөт:

  • «Сол жээк» (Левая-Ветка) каналы — 15,78 чакырым;
  • «Жаңы-Жогорку-Акман» каналы — 23,23 чакырым.

Иштердин сметалык баасы 853 476 071 сомду түзөт. Каржылоо Дүйнөлүк банктын Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы тарабынан суу чарба кызматтарынын климаттын өзгөрүшүнө туруктуулугун жогорулатуу программасынын алкагында бөлүнгөн.

Заманбапташтыруунун негизги милдети — эскирген инфратүзүмдү заманбап жана натыйжалуу тутумдарга алмаштыруу болуп саналат. Бул төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет:

  • каналдардын суу өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга;
  • сууну жеткирүүдөгү коромжуну минималдаштырууга;
  • климаттык чакырыктардын шартында аграрийлерди сугат суу менен туруктуу камсыздоого.

Подрядчы катары «China Road and Bridge Corporation & Yellow River Engineering Consulting Co.» корпорациясы чыгууда, ал эми иштин сапатына техникалык көзөмөлдү «Su-Yapi Engineering and Consulting» компаниясы жүргүзөт.

Жаңыланган тутумдун ишке кириши Базар-Коргон шаарынын, ошондой эле Сайдыкум жана Акман айыл аймактарынын 8 225 гектар жерин сугат суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылууга жол ачат. Долбоордун ишке ашырылышынан аймактын 114 миңден ашык тургуну түз пайда көрөт.

Бекитилген графикке ылайык, ирригациялык тутумду пайдаланууга берүү 2028-жылдын декабрь айына пландаштырылган.

Scroll to Top