Site icon Reporter.kg

Базар-Коргон шаарында жаңы жылдык балаты күйүп кетти — сүрөт

Базар-Коргон шаарында жаңы жылдык балаты күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

ӨКМге бүгүн саат 05:44тө Базар-Коргон шаарында жаңы жылга карата орнотулган балаты өрттөнүп жатат деген маалымат  келип түшкөн.

“Жерине №78 ӨКБнүн бир өрт өчүрүүчү бөлүм тартылып, күйгөн балаты 05:49 чектөөгө алынып, толук  05:52 өчүрүлдү.

Майрамга карата кооздолуп жасалган балатынын 30 пайызы күйгөндүгү аныкталып, учурда калыбына келтирүү иштери жүрүүдө”, — деп жазылат маалыматта.

Exit mobile version