Базар-Коргондо жаштардын демилгеси менен муктаж үй-бүлөгө турак жай курулду. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 31-мартта Базар-Коргон районунун 1-май айылынын 1983–жылкы жаштары 20 жылдык кечени белгилөөдөн баш тартышып, айылдагы муктаж үй-бүлөгө турак жай куруп беришти.
Иш-чарага Базар-Коргон районунун баш имам хатиби Тынчтыкбек ажы Шаиков катышып, бул саамалыктын шарияттагы ордун айтып, үй, жол, мектеп, бала-бакча салуунун соопторун айткан.
Ошондой эле айылдагы 1984-жылкы жаштар учурда курбусу үчүн турак жай куруп берүүгө бел байлашканын айтып, кайрымдуулук иши уланаарын билдирген.