Бүгүн, 17-мартта Таластагы Жерүй кенинин алтын иштетүүчү комбинаты ачылды. Ага президент Садыр Жапаров, Орусия президенти Владимир Путин, орусиялык ВТБ банкынын төрагасы Андрей Костин жана «Алтын Альянс » ЖЧКсынын жетекчиси Муса Бажаев баштаган адамдар катышты.
«Алтын Альянстын» башчысы өз сөзүндө бүгүн Жерүй кениндеги алтын иштетүүчү комбинат эле ишке кирбестен кыргыз-орус алакасынын жаңы доору башталып жатканын айтты.
«Жерүй бул — Евразиялык форматтагы пилоттук долбоор. Аны ишке ашырууга Кыргызстан, Орусия жана Казакстан катышты. Долбоорду каржылоо боюнча стратегиялык өнөктөш катары орусиялык ВТБ банкы көмөктөшүүдө. Ал 190 миллион доллар бөлдү «, — деди Бажаев.