Бажы кызматы өткөн жылы 157 млрд сомдон ашык киреше тапты

Мамлекеттик бажы кызматы 2025-жылы 157,4 млрд сом киреше тапты. Бул 2020-жылга салыштырмалуу 6 эсеге көп, аталган жылы кызмат 28 млрд сом чогулткан. Мындай сандар Бажы кызматынын 2025-жылдагы ишинин жыйынтыгы боюнча коллегиянын жыйынында айтылды.
Жыйынга катышкан өкмөт башчы Адылбек Касымалиевдин айтымында, бул көрсөткүчкө “Смарт бажы” улуттук санариптик платформасынын ишке кириши өбөлгө болгон. Ал бажы системасындагы ажырымдарды кыскартууга жана көмүскө ишмердүүлүктү жоюуга шарт түзгөн.
Ошондой эле Касымалиев бажы төлөмдөрү республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнүн 25%дан ашыгын түзөрүн билдирди.
“2021-жылы иштетилген декларациялардын саны 113 миң болсо, 2025-жылы 873 миңден ашкан. Мындай өсүш штаттык бирдиктерди көбөйтпөстөн, процесстерди автоматташтыруу, адам факторун четтетүү жана тобокелдиктерге негизделген башкарууну киргизүү аркылуу камсыздалган”,- деп билдирди ал.
Жыйындын соңунда Адылбек Касымалиев Бажы кызматына 2026-жылы бажы төлөмдөрү боюнча 142,6 млрд сом өлчөмүндөгү көрсөткүчтү аткарууну тапшырды.