Бажы кызматындагы кадрдык резервге тандоонун 2-этабы аяктады

Бажы кызматындагы кадрдык резервге тандоонун 2-этабы аяктады

Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын (МБК) кадрдык резервине талапкерлерди тандоо боюнча сынактын экинчи этабы ийгиликтүү аяктады.

Биринчи этаптан өткөн 213 талапкер физикалык даярдык боюнча нормативдерди тапшырып, компьютердик тестирлөөгө киргизилген.

Ал эми жалпы 382 талапкердин ичинен 213ү биринчи этапты ийгиликтүү аяктаган.

Экинчи этаптын жыйынтыгында 68 талапкер тестирлөөдө канааттандырарлык же жогору балл алып, 2025-жылдын 10-11-июлунда өтө турган жыйынтыктоочу үчүнчү этапка өтүштү.

Максималдуу ачык-айкындуулук камсыздалган: бардык этаптар видео жана дрон аркылуу тартылып, сынактын жүрүшү МБКнын расмий баракчаларында түз көрсөтүлдү. Бул ыкма бардык катышуучулар үчүн адилеттүү жана бирдей шарттарды камсыздоого багытталган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>