Беларуста президент Лукашенконун 22 жаштагы сүйүктүүсү парламент депутаты болду — сүрөт

Беларуста президент Лукашенконун 22 жаштагы сүйүктүүсү парламент депутаты болду — сүрөт

Британдык The Times басылмасы Беларустун президенти Александр Лукашенко менен «Мисс Беларус — 2018» сынагынын жеңүүчүсү, жаңы эле парламенттин төмөнкү палатасында эң жаш депутат болгон 22 жаштагы Мария Василевичтин мамилеси тууралуу жазып чыкты. 


Басылма жазгандай, 65 жаштагы Беларусь президенти Марияны былтыр май айында “Мисс Беларус” таажысын тагынгандан бери жандап жүрөт.

Экөө  фестивалдарга, хоккей оюндарына жана Москвада өткөн  футбол боюнча дүйнө чемпионатына бирге барган.

Ошондой эле The Times, президент Марияны  маданиятка жана кайрымдуулук иштерине кошкон салымы үчүн медаль менен сыйлаганын жазган. 2018-жылы дүйнөлүк сулуулар сынагына катышар алдында анын даярдыгын Лукашенко жеке көзөмөлүнө алгандыгын, мунун арты менен Василевич үчүнчү оорунга ээ болгондугун да баяндап өткөн.

Басылма андан ары Василевичтин саясий тажрыйбасы жок экени, ал парламентте жаштардын маселелерин көтөрүүнү көздөп жатканын айтып өткөн.

Белгилей кетсек, 17-ноябрь күнү Беларуста парламенттик шайлоо болгон. Оппозиция шайлоо аза өтпөгөнүн айтып чыкты.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>