Site icon Reporter.kg

Белгилүү диктор Бактыбек Мамытов акыркы сапарга узатылды

Бүгүн, 21-майда Бишкек шаарында Кыргызстандын эл артисти, белгилүү диктор Бактыбек Мамытовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү.

КТРКнын алдында уюштурулган иш-чарага министрлер кабинетинин, коомчулуктун өкүлдөрү, маркумдун жакындары катышты.

Бактыбек Мамытов 72 жаш курагында 20-майда оорудан улам каза болгон. Сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлду.

Бактыбек Мамытов 1950-жылы Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Алмалуу айылында туулган. Кыргыз улуттук университетинин кыргыз филология факультетинде билим алган.

Бактыбек Мамытов көп жыл КТРКда «Арноо концертин» алып барган. 1993-жылы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти наамы, 2006-жылы “Даңк” медалы менен сыйланган.

Exit mobile version