Беловодский айылында жайгашкан №16 түзөтүү колониясында тинтүү жүргүзүлүп, бир катар тыюу салынган заттар алынды. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан кабарлады.
Мекеменин маалыматына караганда, тинтүү иш-чарасы бүгүн, 25-июлда өткөрүлүп, ага абак жайдын кызматкерлери жана кызматтык иттер тартылган.
Тинтүү учурунда табылган буюмдар:
19 — уюлдук телефон;
19 — кулакчын;
160 сом акча каражаты,
33 — телефон кубаттагыч;
22 — телефондун аккумлятору;
5 — сим-карта;
39 — оюн картасы;
7 — электр жылыткыч;
175 — кесүүчү жана көзөөчү буюмдар
80гр ачыткы (дрожжи);
23 — Спорттук шаймандар;
1 куту Электрод;
15 темир кесүүчү буюм (резак);
2 лит күйүүчү май ж.б бир ктаар буюмдар табылган.
Ал эми качуу үчүн даярдалып жер асты менен казылган жайлар (подкоп) табылган эмес.