Беш адамды мамлекет милдеттүү түрдө кайтарат. Мыйзам колдоо тапты

Беш адамды мамлекет милдеттүү түрдө кайтарат. Мыйзам колдоо тапты

Бүгүн, 14-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында «Мамлекеттик күзөт жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда кабыл алынды.

Талкуу учурунда депутат Дастан Бекешев бул мыйзам долбооруна каршы экенин билдирип, президент туткун болбошу керектигин айтты.

“Бул мыйзам боюнча өлкө башчы мамлекеттик күзөттөн баш тарта албайт экен. Менимче, президент туткун болбошу керек жана ага жан сакчыдан баш тартуу укугун берүү шарт. Ошондой эле, Жогорку соттун төрагасына дагы күзөт кереги жок. Конституциялык сотто иштегендер менен сүйлөштүм, алар бул мыйзам өтө көп кыйынчылыктарды алып келерин айтып жатышат. Иш сапарга чыгып бара жатканда дагы мамлекеттик күзөт кызматынын кызматкерин дагы алыш керек болот. Аларга иш сапар акысын төлөп берүү керек. Бюджеттен жөн эле чыгымдар кетип жатат. Казынада каражат тартыш болуп турганда мындай чыгымдарды кыскартуу зарыл”, — деди депутат.

Мыйзам долбооруна ылайык, Мамлекеттик күзөт кызматы беш адамды милдеттүү түрдө кайтарат. Алар:

— Президент жана анын үй-бүлөсү (баш тартууга укугу жок);

— Министрлер кабинетинин төрагасы;

— Жогорку Кеңештин төрагасы;

— Жогорку соттун төрагасы;

— Конституциялык соттун төрагасы.

Эми мыйзам боюнча эгер зарылчылык пайда болсо өлкө жарандарына жана чет өлкөлүктөргө (президенттин сунуштамасы менен), коопсуздугуна коркунуч жаралса мамлекеттик жарандык кызматкерлерге, депутаттарга да мамлекеттик күзөт бөлүнүп берилет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>