Беткапсыз жүргөндөр миң сомдон беш миң сомго чейин айыппул төлөйт

Беткапсыз жүргөндөр миң сомдон беш миң сомго чейин айыппул төлөйт

Өзгөчө абал учурунда коомдук жайларда беткапсыз жүргөн аадмдар миң сом, ал эми юридикалык жактар 5 миң сом айыпка жыгылат. Бул тууралуу Өкмөттун басма сөз кызматы кабарлайт.

Ал ми күндүзгү маалда үйдөн чыгып өзгөчө абал режимин бузгандар жеке жактар үчүн 3 миң сом, юридикалык жактарга 13 миң сом өлчөмүндө айыппул салынат.

Коменданттык саатты бузгандар эрте мененкиге чейин кармалат, ал эми жанында документи жоктор өздүгү аныкталганга чейин үч суткага чейин камалат; кармалгандардын өздөрү, буюмдары жана унаа каражаттары текшерилиши мүмкүн. Ошондой эле жеке жактар үчүн 3 миң сом, юридикалык жактарга 13 миң сом өлчөмүндө айыппул салынат.

Коомдук тартип боюнча милдетин өтөп жаткан милиция кызматкеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбеген адамдар үчүн 3 миң сом, юридикалык жактарга 13 миң сом айыппул каралган.

Карантин, обсервация режимин сактабагандык, дарылануудан качуу, оорусун жашырып, башкаларга жугузуу 15 миң сомдон 60 миң сомго чейинки айыппул менен жазаланат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>