Бүгүн, 9-апрелде интернет желесинде үч «кыздын» көчөдөн чет элдик жаранды сабап жаткан видеосу тарады. Бул окуя боюнча Ленин РИИБи маалымат таратты.
Милициянын маалыматына ылайык, 6-апрелде саат 04:30 чамасында Ленин РИИБге 3 жаран чет өлкөлүк жаранды сабап жаткандыгы боюнча маалымат түшкөн. Аталган факты каттоого алынып, териштирүү башталган.
Милиция бөлүмүнө 23, 25, 24 жаштагы жарандар жана 33 жаштагы чет элдик киши милицияга жеткирилген. Азыр текшерүү иштери жүрүп жатканы айтылды.