Eagle FC 45 турниринде кыргызстандык Бусурманкул Абдибаит уулу (14-3-1) менен россиялык мушкер Расул Магомедов (9-3) беттешиши керек болчу, бирок алардын беттеши өтпөй калды.
«Шашылыш кабар! Мага белгилүү болгондой, Бусурманкул ооруканага жаткырылган, анын Eagle FC турниринде Расул Магомедовго каршы беттеши токтотулган! Бусурманкулдун ден соолугу салмакта аябай начарлап кетти. Ооруканага жаткыруу чечими кабыл алынды. Азыр ал дагы эле ооруканада жана ал жерде жок дегенде бир жума калат», — деп жазат MMA журналисти Игорь Лазорин өзүнүн Instagram баракчасында.
Эске салсак, Бусурманкул Абдибаит уулу менен Расул Магомедов 18-февралда Москвада Eagle FC чемпиондук наамы үчүн беттеши өтмөк.