Бийлик зордукталган 13 жашар кыз боюнча ишти көзөмөлгө алды

Бийлик зордукталган 13 жашар кыз боюнча ишти көзөмөлгө алды

Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асель Чынбаева 13 жашар кызга карата зомбулук жасалган чуулгандуу иштин жүрүшүнө баам салууда. Бул туурасында өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бул иш ошондой эле Башкы прокуратуранын көзөмөлүндө турат.

Алсак, көзөмөлдөөчү органдын маалыматы боюнча шектүүлөргө карата башкоргоо чарасы камакка алуу деп кабыл алынган жана тергөөнүн жыйынтыгы менен кылмыш иши Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотуна жөнөтүлдү. Азыркы учурда иш кароо алдында турат.

Өз кезегинде Асель Чынбаева жашы жете электерге карата мындай фактыларга көзөмөл күчөтүлөрүнө ишендирди.

Ал мындан ары Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн катчылыгынын кызматкери бул иш боюнча сот жараяндарына мониторинг жасай турганын белгиледи.

Ошону менен бирге Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асель Чынбаева мындай окуяларды болтурбоо максатында бардык мамлекеттик органдарга биргелешкен алдын алуу иштерин күчөтүүнү, балдарга карата зомбулук жана катаал мамиленин терс кесепеттери туурасында коомчулук арасында түшүндүрүү өнөктүгүн уюштурууну, балдарга, айрыкча “тобокелдик тобундагыларга” көңүл бурууну сунуштады.

2021-жылдын сентябрь айынан үстүбүздөгү жылдын февраль айына чейин 13 жаштагы кыз колдон-колго өтүп зордукталып келген. Кыздын атасынын айтымында, эки милиция кызматкери, “Дордой” базарынын кароолчусу жана 20 жаштагы жигит «кулакчын уурдоого аракет кылдың, камаласың» деп коркутуп зордуктап жүрүшкөн.

 

Тэги: Зордуктоо

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>