Быйылкы окуу жылында мектеп окуучулар кайсы учурларда каникулга чыгаары белгилүү болду.
Билим берүү министрлиги кабарлагандай, окуучулардын эң алгачкы күзгү каникулу 8 күнгө созулат. Күзгү каникул 4-ноябрдан 11-ноябрга чейин уланат; Кышкы каникул он эки күн — 30-декабрдан 10-январга чейин; Жазында 10 күн 21-30-мартка чейин эс алуу болот.
Мындан тышкары башталгыч класстын окуучулары үчүн үчүнчү чейректе кошумча дагы 1 апталык эс алуу берилет.