Бир айда 10 миңден ашуун кыргызстандык паспортуна улутун жаздырышты. Бул тууралуу мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын чечимине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык, 15-декабрдан баштап негизги инсандык документине «улуту» деген графаны киргизүү мүмкүнчүлүгү пайда болду.
Андан бери республикада 19 миң 451 улуттук паспорт даярдалган анын ичинен 10 миң 153 адам улутун көрсөтүп, калган 9 миңи көрсөткөн эмес.