Site icon Reporter.kg

Бир айда 10 миңден ашуун кыргызстандык паспортуна улутун жаздырды

Бир айда 10 миңден ашуун кыргызстандык паспортуна улутун жаздырышты. Бул тууралуу мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын чечимине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык, 15-декабрдан баштап негизги инсандык документине «улуту» деген графаны киргизүү мүмкүнчүлүгү пайда болду. 
Андан бери республикада 19 миң 451 улуттук паспорт даярдалган анын ичинен 10 миң 153 адам улутун көрсөтүп, калган 9 миңи көрсөткөн эмес.

Exit mobile version