Бир күндө 8 медик COVID-19 жуктурду

Бир күндө 8 медик COVID-19 жуктурду

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 8 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 11-августта брифингде Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.

Илдет жуктурган дарыгерлер төмөнкү аймактарда: 

Бишкек ш. – 1 Ош ш. – 1 Ош облусунда – 2 Чүй облусунда – 4

Ал эми бир суткада 8 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды.

Мындан сырткары үй карантининен 26 медициналык кызматкер айыгып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 2967 учур катталды, алардын ичинен 2212 медкызматкер айыгып чыккан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>