Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар 877ге жетти. Бул тууралуу бугүн, 25-июлда Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова брифингде билдирди.
Илдетке чалдыккандар төмонкү аймактарда:
Бишкек — 257
Ош – 60
Чүй облусу – 71
Ош облусу — 119
Талас облусу — 79
Нарын облусу – 20
Ысык-Көл облусу – 122
Жалал-Абад облусу – 91
Баткен облусу — 58
Муну менен Кыргызстанда коронавирус илдетине чалдыккандардын жалпы саны 32 124 адамга жетти.
Ошондой эле 1165 адам илдеттен сакайып ооруканадан чыккан.