Соңку суткада коронавирус илдетинен 1 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 8-сентябрдагы брифингде саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкекте 1 адам коронавирус илдетинен каза болгон.
Мындан сырткары бир күндө коронавирус 68 адамдан табылган:
Бишкек — 13
Чүй облусу – 4
Ош облусу — 11
Талас облусу — 7
Нарын облусу – 1
Ысык-Көл облусу – 8
Жалал-Абад облусу – 8
Баткен облусу — 16
Жалпы коронавируска чалдыккан кыргызстандыктардын саны 44526га жетти.
Ошондой эле бир күндө коронавирустан 198 адам сакайып, үйлөрүнө чыккан. Алардын арасында 4 медицина кызматкери бар.
Муну менен сакайгандардын жалпы саны 40158ге жетти.