Бир күндө пневмония жана COVID-19 илдетинен 3 адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, пневмония жана COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында 1, Баткенде 1, Ош облусунда 1 адам каза болгон.
Кыргызстанда бул илдеттен каза болгондордун жалпы саны 1487 адамга жетти.