Борбордук шайлоо комиссиясы бир мандаттуу округдардан чыккан талапкерлердин автоматтык урнадагы добуштардын жыйынтыктарын жарыялады:
Бишкек шаары
- № 26 Ленин шайлоо округу — Жаныбек Абиров;
- № 27 Биринчи май шайлоо округу — «Баарына каршы»
- № 28 Октябрь шайлоо округу — Дастан Бекешев;
- № 29 Свердлов шайлоо округу — «Баарына каршы»
Баткен облусу
- № 1 Лейлек шайлоо округу — Чыңгыз Ажибаев;
- № 2 Баткен шайлоо округу — Нурлан Ражабалиев;
- № 3 Кадамжай шайлоо округу — Ырысбек Атажанов.
Ош шаары, Ош облусу
- №4 Көк-Жар шайлоо округу — Өмүрбек Бакиров;
- №5 Ноокат шайлоо округу — Жусупбек Коргонбай уулу;
- №6 Араван шайлоо округу — Жалолидин Нурбаев
- №7 Ош шайлоо округу — Айбек Осмонов;
- №8 Төлөйкөн шайлоо округу — Нурбек Алимбеков;
- №9 Кара-Суу шайлоо округу — Искендер Матраимов;
- №10 Куршаб шайлоо округу — Данияр Төлөнов;
- №11 Алай шайлоо округу — Улан Примов;
- №12 Өзгөн шайлоо округу — Элмурза Сатыбалдиев.
Жалал-Абад облусу
- № 13 Сузак шайлоо округу — Тазабек Икрамов;
- № 14 Жалал-Абад шайлоо округу — Шаирбек Ташиев;
- № 15 Базар-Коргон шайлоо округу — Айбек Алтынбеков;
- № 16 Ноокен шайлоо округу — Бактыбек Сыдыков;
- № 17 Аксы шайлоо округу — Нурлан Шакиев.
- № 18 Ала-Бука шайлоо округу — Азизбек Турсунбаев;
- № 19 Токтогул шайлоо округу — Кундузбек Сулайманов.
Талас облусу
- № 20 Манас шайлоо округу — Бактыбек Чойбеков;
- № 21 Талас шайлоо округу — Дастан Жумабеков.
Чүй облусу
- №22 Жайыл шайлоо округу — Нурланбек Азыгалиев;
- №23 Москва шайлоо округу — Карим Ханджеза;
- №24 Сокулук шайлоо округу — «Баарына каршы»
- №25 Аламүдүн шайлоо округу — Сеидбек Атамбаев;
- №30 Ысык-Ата шайлоо округу — Акбөкөн Таштанбеков;
- №31 Чүй-Кемин шайлоо округу — Медербек Саккараев.
Нарын облусу
- № 32 Кочкор шайлоо округу — Мирлан Самыйкожо;
- № 33 Нарын шайлоо округу — Улан Бакасов.
Ысык-Көл облусу
- №34 Жети-Өгүз шайлоо округу — Арсланбек Малиев;
- №35 Ак-Суу шайлоо округу — Акылбек Түмөнбаев;
- № 36 Ысык-Көл шайлоо округу — Максатбек Сарыбагышев.
Шайлоо кечки саат сегизде токтоду. Чет өлкөлөрдөгү айрым тилкелердин жыйынтыктары чыга элек. Шайлоонун жыйынтыгы кол менен саналгандан кийин чыгат.