Бири сокур, бири аксак… НАБУ уюмундагы илбирстердин абалы айтылды — видео

Бири сокур, бири аксак… НАБУ уюмундагы илбирстердин абалы айтылды — видео

Ысык-Көл облусундагы Сасык-Булак капчыгайында жапайы жаныбарлады кайра калыбына келтирүүчү Германиянын жаратылышты коргоо «NABU-Кыргызстан» борборунда тоо-таштын арасында жүрүп, жарадар болгон илбирстер бар. Бул тууралуу Reporter.kg`ге  аталган уюмдун директору Толкунбек Асыкулов билдирди.

Асыкуловдун маалыматына ылайык, акмөөр, тентек, алсу, колючка деген илбирстер бар. Аталган борбордогу илбирстердин бардыгы жаракат алган.

«Колючка – кичинекей илбирс. Ал учурда колго көнүп калды. Эгерде тоого чыга турган болсо жашап кете албайт. «Алсу» карып калган илбирстин бир колу жок. Жашы 19да. «Акмөөр» деген илбирс жакында эле биздин колго келди. Биз аны 10 жашта болушу керек деп божомолдоп жатабыз. Анын тиштеринин бары жок. Жаратылышка коё бере албайбыз, анткени өзү тамак таап жей албайт. Учурда абалы жакшырып калды. Борбордо илбирстер үчүн жакшы шарттар түзүлгөн. «Тентек» деген илбирстин башына абалы начар болчу. Анын бир көзү сокур, сол колунун манжасы чыгып кеткен. Бара-бара ден соолугу жакшырды. Жашы 12лерде», — деди борбордун жетекчиси.

Белгилей кетсек, 1972-жылы Швециянын Стокгольм шаарында өткөрүлгөн БУУнун экология боюнча конференциясында чыгарылган токтомго ылайык, 5-июнь Дүйнөлүк экология күнү катары кабыл алынган.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>