«БИРИМДИК» №1. Баткендиктер Улукбек Кочкоровду колдой турганын билдирди

«БИРИМДИК» №1. Баткендиктер Улукбек Кочкоровду колдой турганын билдирди

«Биримдик» демократиялык социализм – евразиялык тандоо партиясынын талапкерлери Улукбек Кочкоров жана Мамыржан Рахимов Баткен облусунун Төрт-Күл жана Кыштут айыл өкмөттөрүнүн айылдарынын тургундары менен жолугушту. Элеттиктер “Биримдик” партиясынын программасы менен таанышып, анын ишке ашуусу тууралуу маалымат алышты.

Талапкерлер «Биримдик» демократиялык социализм – евразиялык тандоо партиясынын максаты элге кызмат өтөө, калктын татыктуу жашоосун камсыз кылуу жана Кыргызстандын гүлдөп өнүгүүсүнө салым кошуу экенин белгилеп, партиянын максаттары жана идеялары тууралуу айтып беришти. Айылдыктар жөлөк пул жана сүйүнчү алууда бир топ жеңилдиктер болуп калганын белгилеп, ал үчүн мурдагы министр Улукбек Кочкоровго ыраазычылыгын билдиришти.

Жергиликтүү тургундар жол куруу жана айылдагы мектептердин жаңылануусу тууралуу суроо узатышты. «Биримдик» демократиялык социализм – евразиялык тандоо партиясынын талапкери программада алыскы айылдардагы муктаждык жаралган аймактарда элдердин көйгөйлөрүн чечүүчү маселелердин жол-жобосу камтылганын белгилешти.

Эл уулдарын тосуп алган тургундар Улукбек Кочкоров менен Мамыржан Рахимовдун буга чейинки жасаган эмгектери, иштерине ыраазычылык билдирип, алдыдагы шайлоодо ийгиликтерди каалап, колдоп берерин билдиришти.

[su_image_carousel source=»media: 41550,41551,41552,41553,41554,41555,41556″ crop=»none» autoplay=»4″]
«Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү. 23.09.2020.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>