Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди мыйзамсыз кармоо боюнча даттануу арыз эртең 20-августта Биринчи Май райондук сотто каралмай болду. Бул тууралуу КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева Фейсбук баракчасына жазып чыкты.
Атамбаевдин камалышы боюнча бүгүн, 19-августта каралмак.
Жолдубаева билдиргендей, даттануу арыз эртең, саат 20:00дө каралмай болду
«Буга тергөө тобунун жетекчиси Эркебек Аширходжаев бош болбой жатканы себеп болду», — дейт Жолдубаева.