“Бирөөнө да отпуск жок!” — Оштун мэри кызматкерлерин жазалай турганын айтты

“Бирөөнө да отпуск жок!” — Оштун мэри кызматкерлерин жазалай турганын айтты

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев мэрия кызматкерлеринин бири чөп оруп жумушка келбей койгонуна нааразы болуп, бардык кызматкерлерге отпуск болбой турганын жана кондиционерлерди өчүрүүнү буйруду.

“Жеке жашоо деген жок. Президент эс албай иштеп атат, силерге деле ошондой талап. Кондиционерлерге карап эле иш кылышпайт. Аларды өчүргүлө! Кондиционерге караганда жумушка көбүрөөк чыгым кетсин,” — деди мэр.

Токторбаев ошондой эле жумушка келбеген кызматкерге катуу эскертүү берип, шаардык мэриянын иш тартибине көңүл буруларын белгиледи.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>