Бишкекте жол кырсыгы болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу борбор калаанын Патрулдук милиция кызматынын жетекчилиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Юнусалиев жана Миррахимов көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз унаа менен айдоочу жети жаштагы баланы сүзүп, качып кеткен. Бала жаракат алып ооруканага жеткирилген.
ЖККККнын кызматкерлери «Тойота» унаасынын 18 жаштагы айдоочусун таап, кармашып, андан ары иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн Бишкек ШИИБге алып кетишкен. Аталган факты электрондук журналга катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.