Бишкек Брюсселдин бутасында: Евробиримдик Кыргызстанга санкция киргизиши мүмкүнбү?

18.02.2026 | 16:17

Жыл башынан бери Евробиримдик Кыргызстанга карата чектөө чараларын киргизиши мүмкүн деген сөздөр айтыла баштады. Бир катар эл аралык ЖМКлар, анын ичинде Bloomberg, бул маселе Россия–Украина жаңжалына байланыштуу экенин жазышууда. Брюссель Россияга каршы киргизилген санкциялар айланып өтүлбөшү керек деп эсептейт. Европа тарап Россия товарларды башка өлкөлөр, анын ичинде Кыргызстан аркылуу кыйыр жол менен алып кетиши мүмкүн деп кооптонууда. Ошондуктан мындай жолдорду жабуу үчүн Кыргызстанга да чектөө киргизүү каралышы ыктымал.

Ачык булактардагы маалыматтарга караганда, Евробиримдик жаңы санкциялык пакеттин алкагында айрым кыргызстандык банктарды санкциялык тизмеге киргизүүнү карап жатат. Ошондой эле санкцияларды айланып өтүүгө байланыштуу жоопкерчилик каралган атайын механизмди колдонуу маселеси талкууланууда. Мындан тышкары, Кыргызстанга айрым жабдууларды, анын ичинде станокторду жана радиоэлектрондук техникаларды жеткирүүгө тыюу салуу мүмкүнчүлүгү айтылууда.

Россия менен Евробиримдиктин ортосундагы тирешүү буга чейин эле Россия менен соода жана каржы байланыштарын олуттуу чектөөгө алып келген. Мындай чаралар Москва менен экономикалык кызматташтыкты сактап же өнүктүрүп жаткан үчүнчү өлкөлөргө да таасир этүүдө.

Кыргызстан буга чейин да Евробиримдиктин санкцияларына кабылган. 2024-жылдын июнь айында Россияга каршы санкциялардын 14-пакетинин алкагында Кыргызстандагы айрым компанияларга чектөө киргизилген. 2025-жылдын октябрь айында санкциялык басым күчөп, алгач ирет өлкөнүн ири каржы институттары да чектөөгө алынган.

Ошол эле учурда Европа тарап Россия экономикасын колдоого мүмкүн болгон аракеттерге катуу чара көрүп жатканы, анын Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташтыкты кеңейтүү ниети менен айрым учурда карама-каршы көрүнөт. Маселен, Кыргызстан менен Германиянын тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунда КР ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаев тең салмактуу жана конструктивдүү мамилеге чакырган. Кыргыз тарап чектөөлөр так укуктук негизде болушу керектигин белгилеп, санкциялар аймактагы өлкөлөрдүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө терс таасир бериши мүмкүн экенин айткан. Ошондой эле Кыргызстан эл аралык милдеттенмелерин аткарып келерин жана Европа институттары менен тең укуктуу диалогго даяр экенин билдирген.

Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Германиядагы 62-Мюнхен коопсуздук конференциясына катышып, европалык жана америкалык саясатчылар менен жолугушкан. Анда санкциялык саясат жана Кыргызстандын 2027–2028-жылдары БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлиги талкууланган. Жаңы санкциялык пакетке кыргызстандык компаниялар киргизилиши мүмкүн деген маселе да кошумча түшүндүрүүнү талап кыла турган тема катары көтөрүлгөн болушу мүмкүн.

Укуктук жактан караганда, санкциялар БУУнун Коопсуздук Кеңеши тарабынан бекитилсе же түздөн-түз укук бузган тарапка жооп чарасы катары колдонулса гана толук легитимдүү деп эсептелет. Ал эми эл аралык укукту бузбаган үчүнчү өлкөлөргө карата «экинчи даражадагы» санкцияларды киргизүү экономикалык суверенитетке канчалык шайкеш келет деген суроо талкуу жаратууда.

БУУнун Башкы Ассамблеясы да айрым резолюцияларында бир тараптуу экономикалык чараларды саясий басым куралы катары сынга алган. Ошондуктан экинчи даражадагы санкциялар маселеси эл аралык укук алкагында кеңири талкууну талап кылат.

Мурда Европа Биримдиги Дональд Трамптын администрациясынын бир тараптуу соода чараларын жана эл аралык келишимдерден чыгуусун сынга алып, талаштарды БУУ жана ДССУ аркылуу чечүү керектигин айткан. Бул жагдай азыркы санкциялык саясаттагы ырааттуулук маселесин да козгойт.

Жыйынтыктап айтканда, үчүнчү өлкөлөргө санкциялык басымды күчөтүү маселеси Кыргызстан тарабынан кошумча эл аралык талкууну жана укуктук баалоону талап кылган тема катары каралууда. Бишкек бул маселени дипломатиялык диалог аркылуу чечүүнү жактап, тең укуктуулук, алдын ала божомолдуулук жана мамлекеттердин экономикалык суверенитетин урматтоо принциптерин сактоону маанилүү деп эсептейт.

Дастан Токольдошев

Scroll to Top