Site icon Reporter.kg

Бишкек: Балдарды коргоо күнүнө карата кээ бир көчөлөр жабылат

Бишкекте эртең, 1-июнда борбордук көчөлөр жабылат. Бул тууралуу Патрулдук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул балдарды коргоонун эл аралык күнүн белгилөөгө байланыштуу. Саат 7:00дөн 12:00гө чейин төмөнкү көчөлөрдө унаа кыймылы токтотулат:

Чүй проспектисинин Турусбеков көчөсүнөн Абдрахмановго чейинки бөлүгү;

Абдрахманов көчөсүнүн Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү;

Фрунзе көчөсүнүн Абдрахмановдон Орозбековго чейинки бөлүгү;

Ала-Тоонун борбордук аянты.

Патрулчулар айдоочулардан Жол эрежесин сактоону жана маршрутун алдын ала пландаштырууну суранат.

Exit mobile version