Таласта «Манас Ордо» комплексин оңдоп-түзөө иштери башталдыБишкекте студенттер атомдук технологиялар жана космос боюнча билимдерин текшериштиБШК Күрмөнтүдөгү маданият үйүнө илинген талапкердин баннери боюнча комментарий бердиЭнергетика министрлиги эртең менен кечинде жарык өчүрүлбөй тургандыгын билдирдиКасымалиевдин Астанага сапары: көңүл борборунда экономика жана өнөктөштүкТашиев Кыргызстандагы мектептерде электр энергиясын эрте өчүрүүгө тыюу салды
Бишкек: Балдарды коргоо күнүнө карата кээ бир көчөлөр жабылат
31.05.2022 | 15:56
Бишкекте эртең, 1-июнда борбордук көчөлөр жабылат. Бул тууралуу Патрулдук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бул балдарды коргоонун эл аралык күнүн белгилөөгө байланыштуу. Саат 7:00дөн 12:00гө чейин төмөнкү көчөлөрдө унаа кыймылы токтотулат:
Чүй проспектисинин Турусбеков көчөсүнөн Абдрахмановго чейинки бөлүгү;
Абдрахманов көчөсүнүн Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү;
Фрунзе көчөсүнүн Абдрахмановдон Орозбековго чейинки бөлүгү;
Ала-Тоонун борбордук аянты.
Патрулчулар айдоочулардан Жол эрежесин сактоону жана маршрутун алдын ала пландаштырууну суранат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом