Бишкек шаарынын Кара-Жыгач конушунда 9 жаштагы эркек баланын сөөгү табылды. Бул туурасында Октябрь райондук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, 18-ноябрь күнү муунуп каза болгон. №4 шаардык милиция бөлүмчөсүнүн ыкчам тергөө тобу барган. Анын денесинде кандайдыр бир жаракат болгон эмес.
Алар маркумдун өздүгүн аныкталды, 2012-жылы туулган Ж.А. экени такталды.
Аталган факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.