Бишкек менен Москва «акылдуу шаарларды» биргелешип өнүктүрөт

Москва шаарында өткөн «Булуттуу шаарлар: БРИКС шаарларынын келечеги» форумунда Бишкек мэриясы менен Москванын өкмөтү шаарларды башкарууну санариптештирүү багытында кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшту.
Муниципалитеттин маалыманыа ылайык, документ тажрыйба алмашуу, инновациялык технологияларды киргизүү жана шаар башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну көздөйт. Бул кызматташтык тургундардын жашоо сапатын жакшыртууга багытталат.
Меморандумга Кыргызстандан «Санариптик технологиялар борбору» муниципалдык ишканасынын директору Жумамүдүн Жумалиев кол койду.
Ошондой эле форумдун катышуучулары турак жай-коммуналдык чарбадагы IT чечимдерге өзгөчө көңүл бурушуп, коммуналдык кызматтарды автоматташтыруу боюнча тажрыйба менен бөлүшүштү. Тараптар консультациялар, семинарлар жана конференциялар өткөрүү, кесиптик тажрыйба алмашуу аркылуу байланыштарды бекемдөөгө макулдашты.